Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард доллардан ашты.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен дээрлик 80 пайызы мамлекеттик тышкы бересе, 20 пайызы ички карыз.

Быйылкы жылдын ушул мезгилине чейин мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 28 миллиард 850 миллион сомдон ашык бөлүндү.

2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын республикалык бюджетине мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 12 миллиард 400 миллион сомдой түштү, — деп айтылат Каржы министрлигинин маалыматында.