Бишкектин жети жерине жол чырактар орнотулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, Унаа жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти бул боюнча тендер өткөргөн.
Ага ылайык, жол чырактар ушул айдын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.
Жол чырактар төмөнкү жолдордун кесилишинде орнотулат:
— Л.Толстой – М. Ауэзов көчөсүндө;
— Профсоюзная – Бородина көчөсүндө;
— И. Ахунбаев – К. Тыныстанов көчөсүндө;
— Шералиев – Күйүкова көчөсүндө;
— Салиева – Буденный көчөсүндө;
— Манас – Кокчетавская көчөсүндө;
— Сухэ-Батор – 7-Апрель көчөсүндө.