Кыргызстандын найза саюу боюнча спортчусу Роман Петров Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Кыргызстандын найза саюу боюнча спортчусу Роман Петров Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Ал Ташкентте өткөн квалификациялык турнирде жеңишке жетти.

 

Белгилеп кетсек, бул жайкы Оюндарга он үчүнчү жолдомо болуп калды.

 

Буга чейин 8 балбан, 3 жеңил атлетчи жана бир суучул лицензияга ээ болушкан. Олимпиада оюндары ушул жайда Токио шаарында өтөт.