Ошто муниципалдык асфальт заводу курулат

Ошто муниципалдык асфальт заводу курулат. Бул тууралуу түштүк калаа мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө көчөлөрдү оңдоого жаңы техника сатылып алынса, ал эми жол катмарын калыбына келтирүүгө чоң сумма талап кылынууда.

 

Андыктан, бийлик шаардагы жол-курулуш ишканасын жандантып, жумушчулардын айлыгын көбөйтүү ниетинде. Сарыбашов белгилегендей, заводдун курулушу болжол менен эмки жылы башталат.