Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңеш комитети Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана

ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин

талапкерлигин жактырды. Мурдагы билим берүү министри

Алмазбек Бейшеналиев өткөн айда өлкөнүн Бириккен Улуттар

Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу

өкүлү болуп дайындалган. Буга чейин аталган кызматты

2016-жылдан бери Данияр Мукашев аркалап келген.