Кыргызстанга кирүү эрежелери өзгөрдү

Кыргызстанга кирүү эрежелери өзгөрдү. Чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

 

Жаңы чечимге ылайык, өлкө аймагына Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандары, туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттин жарандары, дарыланууга келген чет өлкөлүктөр кире алат.

 

Эске салсам, үстүбүздөгү жылдын март айынын аяк ченинде чет мамлекеттер менен каттамдар токтотулган.