Касым-Жомарт Токаев май айында Бишкекке келет

28-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашып, жолугушуу Алмата шаарында өткөнүн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Талант Мамытов боордош эки элдин бардык багыттагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салган Талант Мамытов жогорку деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделгенин билдирди. Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин май айында Кыргызстанга расмий иш сапар менен келээри күтүлүүдө.

 

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы 1 миллиард долларга жеткенин канаттануу менен белгилеп: «Бул биз үчүн чек эмес, 2 миллиард долларга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Андыктан алакаларыбызды арттырып, товар алмашуу жаатындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүүбүз кажет. Бул үчүн чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдуктарды жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Чек аралар боордош жана өнөктөш өлкөлөр үчүн ачык болуусу өтө маанилүү», – деди.

Муну менен катар Мамытов аймактар жана шаарлар аралык байланышты кеңейтүү маселесине токтолуп, Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда бир туугандык шаар мамилелерин орнотууну сунуштады.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев айтылган маселелердин бардыгын колдой турганын жана чакырууну кабыл аларын билдирди.