Кайра шайлоонун бюллетендеринин тексти 28-июнга чейин бекитилет. БШКнын маалыматына ылайык, документтер даярдалып, 3-июлга чейин аймактык шайлоо комиссияларына тапшырышы керек. Бюллетендер 8-июлга чейин бардык тилкелерге жеткирилет.
Эске салсак, кайра шайлоо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында 11-июлда өтөт. Апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.