Бишкекте тышкы жарыкты өчүрүү кылмыштуулуктун көбөйүшүнө шарт түздү

Бишкекте тышкы жарыкты өчүрүү кылмыштуулуктун көбөйүшүнө шарт түздү.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов жарыялады.

 

Анын айтымында, кылмыштуулук боюнча лидерликте Бишкек жайгашты. Экинчиде Баткен облусу турат, бул жерде фактылардын көбү чек ара жаңжалдарына байланыштуу. Үчүнчүдө Ысык-Көл облусу жайгашат. Бул аймакка коомдук жерлердеги уурулук жана бейбаштык туура келет.