Бишкекте кызматкерлер жамааты менен эмдөөдөн өтсө болот.
Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында,
20дан ашык адамдан турган жамааттык тизмени шаардык саламаттыкты
сактоо башкармалыгына же райондук администрацияга бериш керек.
Мындай учурда жакынкы Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери
көрсөтүлгөн дарекке барып вакцина сайып кетишет. Эске салсак,
буга чейин вакцина алуу 65 жаштан жогорку курактагыларга, өнөкөт оорусу
барларга, мугалим, дарыгер, күч түзүмдөрүно гана жеткиликтүү болчу.