Россиялык “Спутник V” вакцинасы Кыргызстанга жакынкы арада жеткирилет

Россиялык “Спутник V” вакцинасы Кыргызстанга жакынкы арада жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, Россия менен 500 миң доза вакцинаны гуманитардык жардам катары берүү боюнча макулдашуу жетишилди. Препарат биздин өлкөгө этап менен жеткирилет. Буга чейин Кыргызстанга Кытайдан дагы вакцина жеткирилет деп айтылган.