Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы Кыргызстанга тил үйрөтүү үчүн келди

Кыргызстанга Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы келди.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылар алдыдагы эки жылда Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептеринде англис тили мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу жана окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен алектенишет.

Ошондой эле ыктыярчылар мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга; ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга жардам көрсөтөт.

Буга кошумча окуу программаларын жана инновациялык окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Тынчтык корпусунун 12 ыктыярчысы АКШда тандоодон өткөн жогорку квалификациялуу адистер.

Алар Кыргызстанда 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде өкмөттүн чакыруусу боюнча иштешет.