Арча-Бешик конушунда таза суу маселеси чечилди

Арча-Бешик конушунда таза суу маселеси чечилди. Буга “Бишкек суу каналы” ишканасынан ишендиришүүдө. Анын басма-сөз катчысы Эрлан Тимуров “Азаттыкка” билдиргендей, учурда конуштун тургундарына суу үзгүлтүксүз берилип жатат.

 

Жер алдындагы суунун деңгээли көтөрүлдү, ошондой эле калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жыйынтыгын берүүдө.

 

Эске салсак, жайдын келиши менен Бишкекте таза суу берүүдө маселелер жаралды. Арча-Бешик конушунун тургундары каршылык акция катары жолду жабууга дагы аргасыз болушкан.