Австралияда тоту куш ээсин өлүмдөн сактап калды

Австралияда тоту куш ээсин өлүмдөн сактап калды. Эки кабаттуу үйдө түндө өрт чыккан. Эрик каймана аты менен чымчык “Антон, Антон!” деп кыйкырып, ээсин ойготту, — деп жазат BBC News.

 

Эркектин айтымында, ал алгач Эриктин кыйкырыгын угуп, чоочуп ойгонуп, түтүндүн жытын сезген. Атып туруп, тоту кушту, документтерин алып үйдөн чуркап чыкканга жетишкен. Канаттуу дагы, анын ээси дагы жабыркаган жок.