Ленин бир мандаттуу округунда шайлоого 127,5 миң бюллетень даярдалды

Ленин бир мандаттуу округунда шайлоого 127,5 миң бюллетень даярдалды. БШКдан билдиришкендей, анын жарымы кыргыз тилинде, жарымы орусча басып чыгарылса, 51 бюллетень Брайль шрифти менен.

 

Шайлоо бюллетендери эми тилкелерге жеткирилет. Эске салсак, Ленин округу боюнча парламент депутатын кайра шайлоо ушул жекшемби, 10-сентябрда өтөт. Депутат болуу үчүн 25 талапкер ат салышууда.