Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого 26 адам арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Кайра шайлоого арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.
Добуш берүүнүн өзү 10-сентябрга белгиленген. Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарган.