Бишкектин айрым райондорунда газ 5 күнгө өчүрүлөт.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, көгүлтүр от ордо калаада 23-27-май күндөрү болбойт.
Жаратылыш газы Садырбаев, Гагарин, Өмүракунов, Ашар, Толстой көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана Лумумба, Шуш-Төбө, Орозов, Толстой көчөлөрү менен чектеш райондордо убактылуу жок болот.
Мунун себеби күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн пландуу оңдоо иштерине байланыштуу.