Швейцариянын Женева шаарында Лионель Месси жана Криштиану Роналдунун командалары беттешет
УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин тайпалык этабына чүчү кулак тартылды.
Анын жыйынтыгы менен G тайпасында “Ювентус” жана “Барселона” клубдары күч сынашат.
Мелдешке жалпысынан 8 тайпада командалар кезигет. Тайпалык беттештер 20-октябрда башталат.
Эске салсак, былтыркы финалда “Бавария” “ПСЖ” клубун 1:0 эсебинде жеңип алган.