Өлкөдө 1 миллиондон ашык жаран электрондук кол тамгага ээ болду

Кыргызстанда 1 миллион 200 миңдей адам электрондук кол тамгага ээ болду. “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын башчысы Кубанычбек Садамбеков билдиргендей, бул топтогу жарандардын жарымынан көбү мамлекеттик органдардын кеңселерине өздөрү келип кол тамгаларын санариптик формада киргизишсе, калганы аралыктан туруп алышкан.

 

Электрондук санариптик кол тамга – бул кагазга коюлган кол тамганын санариптик аналогу. Ал өзүнө анын ээси жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды сактаган санарип символдорду камтыйт.