«Кыргызжылуулукэнерго» келерки кышка чейин 30 отказанды жаңылайт

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине чейин аймактардагы филиалдарында 30 даана отказанды жаңылоо жумуштарын баштады.

 

Энергетика министрлиги билдиргендей, ар кандай кубаттулуктагы 24 даана отказанды “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” жасап, жеткирет. Калган 6 даана отказан Россиядан сатып алынат.

 

Эске салсак, былтыр 33 отказан жаңыланган.