Ишкер Жалал-Абаддагы оорукананы оңдоп берди

Ишкер Жалал-Абаддагы оорукананы оңдоп берди. Базар-Коргон шаарында жергиликтүү тургун 66 жыл мурун курулган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоп, кошумча корпус салып берди.

 

“Азаттык” жазган маалыматка ылайык, ишкер курулушка 5,5 миллион сом бөлүп берген.

 

Белгилеп кетсек, шаардагы №9 медициналык мекеменин имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келген.