Бишкек жаңы жылга карата кооздолуп жатат. Мэриядан билдиришкендей, 15-декбарга карата ордо калаа толугу менен майрамдык жасалгаланат. Ага чейин дээрлик бардык мамлекеттик мекемелердин алдында балаты, плакаттар пайда болот.
Ал эми бийиктиги 25 метрге жеткен башкы балаты салтка айлангандай, Ала-Тоо аянтында тургузулат.
Муниципалитеттен белгилешкендей, экономикалык жана эпидемиологиялык кризиске карабай, Бишкек жаңы жылга карата мыкты кооздолот.