Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен novosti.kgге билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында кар жаагандыктан, трассаларда муз тоңду.

 

Буга карабай, чектөөлөр киргизилген жок. Жолчулар карды тазалап, инерттүү материал себилип жатат. Алыскы сапарга чыга турган айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүшү керек.