Бишкекте туристтер үчүн “Босого” борбору ачылат

Бишкекте туристтер үчүн “Босого” борбору ачылат. Ал өлкө конокторуна бардык керектүү маалыматты берүүчү жер болот, — дешти Туризмди өнүктүрүү борборунан. Борбор 28-октябрда ордо калаанын Пушкин көчөсүндө ачылат.

 

Анда туристтик агенттиктердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иштеп, туристтерге банк картасын ачуу, сим-карта сатып алуу, унааны же батирди ижарага алуу, конок үйлөрүнүн даректери жана туристтик каттамдар тууралуу бардык маалыматты айтып беришет.