Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Каракол – Эңилчек трассаларында жолчулардын нөөмөтү уюштурулуп, кардан тазалоо, инерттүү материалдарды себүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатат.
Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга эрежелерди так сактап, этият болуу сунушталат.