Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, спортчу 60 килограммга чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү.

 

Финалда Малиден келген мушкерди утуп чемпион болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Сагын Сатыбалды уулу аталган мелдеште коло, Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медаль уткан.