Майлуу-Сууда уран калдыктарын жок кылуу иштери башталды

Майлуу-Сууда уран калдыктарын жок кылуу иштери башталды.

 

Бул тууралуу Европалык калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынан билдиришти. Аталган каржы мекемеси объекттеги экологиялык кооптуулукту жоюу үчүн  23 миллион евро бөлүп берген.

 

Каражат кайтарымсыз негизде тапшырылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери шаардагы 4 объектти коопсуз жерге көчүрүп, уран шахталарын жаап салат. Бул Майлуу-Суунун жана ага жакын жашаган 100 миңден ашык тургунун экологиялык проблемалардан арылтат.