Малайзияда ата-энелер 5 жашар кызына жаңы унаа белек кылышты

Малайзияда ата-энелер 5 жашар кызына жаңы унаа белек кылышты.

 

Маалым болгондой, кыз биринчи класска баргысы келген эмес. Аны билим алууга көндүрүү үчүн чоңдор кымбат буюм сатып алууну чечишкен.

 

Бул көрүнүштүн айынан социалдык тармактын колдонуучулары эки жаатка бөлүнүштү. Кээ бирөөлөр ата-энесинин кадамы үчүн кызга суктанышса, башкалары белекти ал азыр пайдалана албайт деп чоңдорду сындашууда.