Бишкектин соода борборлорундагы балдар аянттары азырынча ачылбайт

Бишкектин соода борборлорундагы балдар аянттары азырынча ачылбайт. Эпидемияга каршы комиссия аянттардын ишин убактылуу токтотуу боюнча чечимди күчүндө калтырды.

 

Буга Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч экени негиз болду. Эске салсак, балдар аянттарынын ишине 1-апрелде тыюу салынган.