Кыргызстанда доллар курсу бир жумада 3 сомго секирик жасады

Кыргызстанда доллар курсу бир жумада 3 сомго секирик жасады. Бүгүнкү күндө аны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 80 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 81 сом 10 тыйынга сатышууда.

 

Аны менен кошо россиялык рубль дагы позициясын бекемдөөдө. Бүгүн анын куну 1 сом 60 тыйынга жетти. Эске салсак, 19-мартта доллар дароо 12 сомго кымбаттаган. Улуттук банк валюта рыногуна чыгууга аргасыз болуп, 3,7 миллион доллар саткан.