Мамлекеттик курулуш агенттиги салык төлөбөгөн компаниялардын лицензиясын жокко чыгарат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылдан бери агенттик тарабынан 6 миңден ашык лицензия берилген. Бүгүнкү күндө анын 400гө жетпегени эле иштеп келет, калган 5 миңден ашык лицензия же иштетилбейт, же башкаларга сатылып кетет.
Андыктан, ведомство катуу чараларды киргизип, мындай аракеттерди токтотуу ниетинде, — деди чиновник.