«Манас» аэропортунун долбоору инвесторлорго сунушталды

“Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү боюнча инвесторлордун конференциясы өттү. Анда аэропорттун долбоору сунушталган. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага расмий бийлик өкүлдөрүнөн тышкары долбоорго кызыкдар тогуз компаниянын өкүлдөрү катышкан. Алар, Munich Airports (Германия), Korea airports corporation (Түштүк Корея), Corporation America airports (Аргентина), EGIS (Франция), YDA Group (Түркия), Incheon airports (Түштүк Корея), GMR Group (Индия), ICTAS (Түркия) и Airports of Regions (Орусия) компаниялары.

Инвестициялык баасы 400 миллион долларга бааланып жаткан долбоор алкагында өкмөт “Манас” аэропортун Борбор Азиядагы ири аймактык хабга айландыруу максатын көздөөдө.

Долбоор ишке ашкандан кийин жүргүнчүлөр агымы азыркы 2,1 миллион адамдан 9 миллионго жетери, учуп-конуу тилкеси, терминалдар, инфраструктура толук жаңыланары пландалууда.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов техникалык-экономикалык негиздеме бүтүп калганын, жакында тендер жарыяланарын билдирген.

28 жылдык тышкы башкаруу мөөнөтү аяктагандан кийин инвестор аэропортту баштапкы ремонт жасаган абалына келтирип, мамлекетке өткөрүп берет.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – мамлекеттин социалдык жактан маанилүү долбоорду жеке ишкана-компаниялар менен чогуу жүзөгө ашыруу механизми.

“Манас” аба майданы — кирешелүү мамлекеттик ишканалардын бири. Президент Садыр Жапаров өткөн жылы аэропорт 3 млрд. сом таза киреше менен чыкканын айткан.

“Манас” ачык акционердик коому 2022-жылдын биринчи кварталында 807 млн. сом тапканын, бул 2021-жылга салыштырмалуу 184 млн. сомго көп экенин билдирген.