Кыргыз улуттук “Манас” театрын жыл аягында ишке берүү күтүлүүдө.
Бул тууралуу аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.
Анын айтымында, театр «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин күн батыш тарабында жайгашып, 305 орундуу болот.
“Азыр курулуш иштери өз нугунду жүрүүдө. Жаңы улуттук театрдан концерт, спектаклдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.