«Манас» жана «Ош» аба майдандары ижарага берилген жок

«Манас » жана «Ош» аэропорттору 49 жылга ижарага берилгени боюнча маалымат чындыкка жатпайт.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Ал кошумчалагандай, аба майдандарга байланыштуу инвестициялык сунуштар түшүп жатат.

Алсак, бүгүнкү күндө Түркия, Россия жана араб өлкөлөрүнөн сунуштар түштү.

Белгилеп кетсек, 79 пайыз үлүшүнө мамлекет ээлик кылган «Манас» акционердик коомунунун ижарага берилгендиги боюнча буга чейин коомчулукта маалымат тараган.