“Манчестер Сити” тарыхта биринчи ирет Чемпиондор Лигасын утуп алды

“Манчестер Сити” тарыхта биринчи ирет Чемпиондор Лигасын утуп алды. 11-июнга караган түнү финалдык беттеш Стамбулдун стадионунда өттү. Анда англиялык “Манчестер Сити” менен италиялык “Интер” кез келген.

 

Жеңиш алып келген жалгыз топтун автору – Родри. Ал атаандаштын дарбазасын 68-мүнөттө багындыра алды.