“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя 6 миң 300дөн ашуун дыйканга берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя 6 миң 300дөн ашуун дыйканга берилди. 9-июнга карата берилген насыянын жалпы суммасы 2,9 миллиард сомго жакындады.

 

Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

 

Ведомство маалыматына караганда, насыянын жарымынан көбүн мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан. Эске салсак, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.