Бишкекте жаңы сквер ачылды

Бишкекте жаңы сквер ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, ал Алтымышев-Тыныбеков көчөлөр кесилишинде орун алып, аянты дээрлик 1 гектарды ээлейт. Жаңы эс алуу аймагында волейбол, баскетбол аянттары, балдар аянтчасы, воркаут жана шахмат стөлү бар.

 

Ошондой эле скверде ирригациялык тармак өткөрүлүп, көчө жарыгы, отургучтар жана сахна орнотулду.