Мас болуп руль башкаргандарды айдоочу күбөлүгүнөн ажыратуу  мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынды

Мас болуп руль башкаргандарды айдоочу күбөлүгүнөн ажыратуу  мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынды. Документке ылайык, эми мындай бузуу үчүн айып салынбайт, дароо айдоочу күбөлүгү тартып алынат.

 

Биринчи ирет катталса – бир жылга, экинчи ирет – 3 жылга. Андан тышкары, ылдамдыкты жогорулатуу үчүн салынган айып 15 миң сомго чейин жогорулатылат. 62 депутат “макул”, экөө “каршы” добушун берип, парламент жактырды. Эми аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.