Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөгөндө жол кире 25 сом түзөт

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөгөндө жол кире 25 сом түзөт. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин 30-40 сом деген варианттар аталып келген, бирок 25 сомго токтоо чечими кабыл алынды. Эске салсак, шаар бийлиги жүргүнчүлөрдү карта менен төлөөгө өткөрүү максатында дифференцияланган төлөмдү киргизүү ниетинде, бул учурда накталай төлөгөндөр 25 сомдон берип калат.