Баткен облусунда жер титиреди

11-май күнү Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

«Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-май күнү саат 16:26да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп жазылат маалыматта.