УЕФА Чемпиондор Лигасына «Аль-Наср» командасын чакыргысы келет

УЕФА келерки жылы Чемпиондор Лигасына Сауд Арабиянын «Аль-Наср» командасын чакыргысы келет. Мындай чечим Саудиянын командасынын Европада абдан популярдуу болгондугу менен түшүндүрүлөт.

 

УЕФА «Аль-Насрды» футболдогу эң атактуу клубдардын бири деп эсептей турганы белгиленди.

 

Эске салсак, өткөн жылдын аягында аталган командага белгилүү оюнчу Криштиану Роналду кошулган. Анын келишими эки жылга түзүлгөн.

 

Ал эми жалпысынан акыркы бир жылда бир нече европалык футболчу саудиялык клубдардын тизмесин толуктады.