Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу мөөнөтү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди тапшырып жатышат.
Буга чейин мекеме бүтүрүүчүлөрдүн документтерин тапшыруу салтанаты окуу жайларда ата-энелердин жана мугалимдердин катышуусунда өтөрүн билдирген. Өткөн жылдардагыдай эле бүтүрүү кечелерин кафелерде жана башка көңүл ачуучу жайларда өткөрүүгө тыюу салынган.