Жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 1 млн 900 миң турист келди

Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 1 миллион 900 миң турист келди. Негизинен булар коңшу өлкөлөрдөн, ошондой эле Европа, Араб мамлекеттеринен келген коноктор, дейт туризм департаментинин орун басары Кыял Кенжематова.

 

Анын айтымында, былтыр республикага 7,5 миллионго жакын турист келген. Быйыл өсүш күтүлүүдө. Божомолдор боюнча Кыргызстанга 10 миллионго жакын адам келет.