Быйыл Кыргызстанда дээрлик 250 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 250 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул максаттарга 4,5 миллиард сом каралганын “Экономист” басылмасына Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Жумуштар өлкө боюнча министрликтин балансында турган жалпы пайдалануудагы автожолдордо жүргүзүлөт. Учурда Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 20 чакырым тилкеге ​​асфальт төшөлдү.