Мектеп окуучуларынын аттестациясын онлайн тестирлөө аркылуу жүргүзүү сунушталды

Мектеп окуучуларынын аттестациясын онлайн тестирлөө аркылуу жүргүзүү сунушталды. 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен айтып беришкендей, мектептер аны качан жана кандай жол менен өткөрөт, өздөрү чече  алат.

 

Тест тапшырмаларын Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борбору түздү. Алар сайтта жеткиликтүү. Министрликтен белгилешкендей, мугалимдер окуучулардын биринчи үч чейректеги бааларына басым жасайт. Эске салсак, 8-апрелден тарта өлкө мектептери дистанттык окуу форматына өттү.