Мектепке жана бала бакчага кабыл алуу боюнча сайт ишин жандантты

Мектепке жана бала бакчага кабыл алуу боюнча сайт ишин жандантты.

Бизге Билим берүү министрлигинен такташкандай, учурда олуттуу мүчүлүштүк жок.

Эске салсак, кечээ порталдын иши улам-улам үзгүлтүккө учуруган.

Министрлик мунун себебин  бир убакта сайтка кирген колдонуучулардын саны өтө көбөйүп кеткени менен байланыштырды.

Белгиленгендей, учурда бардык каалоочулар каттала алат.

Кошумчаласак, өлкө мектептерине жана бала бакчаларга балдарды электрондук система менен кабыл алуу 11-апрелде башталды.