Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы имараты пайда болот

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы имараты пайда болот. Курулушка капсула салынганы Саламаттык сактоо министрлигинен маалым болду.

 

Долбоор боюнча оорукана 350 орунга ылайыкташкан. Анда бир нече бөлүмдөр, анын ичинде изоляциялык бөлмөлөрү бар тез жардам бөлүмү, травматология жана ортопедия, адистештирилген жардам бөлүмү жана башкалар жайгашат.

 

Оорукана келерки жылдын экинчи жарымында иштей баштайт деп күтүлүүдө.