Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Ведомствонун маалыматына ылайык, шектүүнүн окуя болгон учурда жанында айдоочулук күбөлүгү

жок болуп чыккан. Ошондой эле анын “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнө элек 15 айыбы бар

экендиги аныкталды. Бирок айдоочу камакка алынган жок. Тергөө иштери уланууда. Эске салсак,

кечээ Горький көчөсүндө таксист инспекторду капотуна сүйрөп кеткен видео тарады.

Милиция кызматкери жаракат алган жок.