Министрлер кабинети бул жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Анын максаты — министрлер кабинетинин социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо, баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү.