Министрлер кабинети кабыл алган кризиске каршы планга эң маанилүү көрсөткүчтөр камтылды. Документке киргизилген чаралар 7 категорияга бөлүндү. Бийлик биринчи кезекте тамак-аш коопсуздугун, каржылык туруктуулукту жана маанилүү товарларга бааларды сактоону камсыздоо ниетинде.
Ошондой эле калкка социалдык колдоо көрсөтүү жана ишке орноштуруу суроолору маанилүү
Министрлер кабинети дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды, сапаттуу уруктарды, күйүүчү-майлоочу материал тартуулап, ирригациялык тармакты калыбына келтирет. Бул пландагы жазылган бардык категорияларды ишке ашыруу үчүн 126 миллиард сом талап кылынат.